• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаров Ысык-Көлгө кетти. Коронавирустан дагы 6 адам көз жумду

19 Баш оона 2021 14:31 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы штабдын 19-августка карата берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда 249 адам вирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Акыркы суткада 498 киши илдеттен айыгып чыкты, 6 адам оорудан көз жумду.
Ушуну менен былтыр март айынан бери коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 173 186 адам болду. Оорудан 164 842 киши сакайды. Илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 2468 адам.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 744 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 714 адам дарыланууда.

ЖАПАРОВ ЫСЫК-КӨЛГӨ БАРАТ

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 19-21-августта Ысык-Көл облусунда жумушчу сапары менен болот. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отурумун өткөрүүгө байланыштуу эл аралык мүнөздөгү иш-чараларга катышат.

Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) катышуучу өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушуп, Биримдик алкагында кызматташтык маселелери жана интеграция чараларын тереңдетүү боюнча пикир алмашат.

Андан кийин президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусу боюнча жумушчу сапарын баштап, ал жакта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чараларга, ошондой эле өндүрүштүк жана өнөр жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Белгилей кетсек, 19-20-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отуруму көзмө-көз форматта өтөт.

МЭРЛИККЕ ТАЛАПКЕРЛЕРДИ КАТТОО АЯКТАДЫ

18-августта Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлигине талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алуу аяктады. Келип түшкөн документтердин шайкештигин текшергенден кийин аймактык шайлоо комиссиялары Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлигине талапкерлерди каттоо боюнча чечим кабыл алат.

Ошентип, Бишкек шаарынын мэрлик кызматына көпчүлүк коалициянын сунушу менен Айбек Жунушалиев талапкерлигин көрсөткөн.

Ош шаарында болсо азыркы мэрдин милдетин аткарып жаткан Алмаз Мамбетов мэрликке талапкер болуу арызын жазды.

Ал эми Токмок шаарынын мэрлигине эки талапкер көрсөтүлдү. Алардын бири ЖК депутаты Урмат Самаевди шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы сунуш кылса, азычылык Кубатбек уулу Азаттын талапкерлиин көрсөттү.

Эске салсак, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында мэрди шайлоо 26-августка дайындалган.

Количество просмотров: 127