• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаровдун аралыктан иштөөсүнүн себеби эмнеде? COVID-19 дан дагы 2 адам көз жумду

24 Үчтүн айы 2022 14:06 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Соңку бир суткада Кыргызстанда коронавирус 426 адамдан жаңы аныкталды. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары (314).

Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы эки бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 195 миңден ашты, 2851 бейтап каза болду.

Ушул күндөрү 1176 бейтап ооруканаларда, 6780 адам үйүндө дарыланууда.

Саламаттык сактоо министрлиги ай башында коронавирустун «омикрон» штаммы катталганын, өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталганын билдирген. Оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек «кызыл зонага» кирип, бир катар орто мектеп онлайн форматта окууга өттү.

Өлкөдө вируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алгандардын жалпы саны 1,3 миллионго чукулдады. Экинчи дозасын алгандар 1,1 миллионго жеткени кабарланган.

ЖАПАРОВ АРАЛЫКТАН ИШТЕЙТ

Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына боло турган иш сапарына байланыштуу аралыктан иштөө режимине өттү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы аралыктан иштөө режимине карабай толук кандуу иш графиги боюнча иштөөсүн улантат.

Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын 3-5-февралына белгиленген Кытайга боло турган сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Пекин шаарында 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат, ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

ТЕЗ ЖАРДАМ УНААСЫ КЫРСЫККА КАБЫЛДЫ

Бүгүн, 24-январда эртең менен Кант шаарынын борборунда «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа жана тез жардам унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тез жардам унаасынын жарык берүүчү жана үн коштоочу каражаттары иштеп турган, бирок жолдун кесилишинен жол тандабас бет маңдайынан чыгып, унаалар сүзүшкөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен тез жардам унаасынын айдоочусу жана фельдшери жабыркаган.

Учурда окуянын чоо-жайы такталууда. Унаалар айып аянтчасына токтотулду.

Количество просмотров: 364