• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаровдун катышуусунда футбол турнири өтөт. Өспүрүмдөргө рейд жүрдү

2 Бештин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

“МУРАС” ТУРНИРИ ӨТӨТ

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган “Мурас” достук турнири үстүбүздөгү жылдын 14-15-декабрында өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Футзал боюнча мелдеш Арча-Бешик конушундагы “Газпром” спорт комплексинде жана Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп, жалпы 16 команда катышат.

Турнирдин жобосуна ылайык, командалар төрт тайпага төрт командадан бөлүнөт. Алар тайпалык баскычта бир тур ойноп, андан соң финалдык этап болот.

Турнирдин максаты – сергек жашоо образын жайылтуу, өлкөдө футзалды популяризациялоо жана коомдун түрдүү катмарынын өкүлдөрүнүн ортосунда достук жана расмий эмес мамилелерди өнүктүрүү.

ӨСПҮРҮМДӨРГӨ РЕЙД ЖҮРДҮ

Жалал-Абадда “Эмгек жана өспүрүм” аталышындагы рейд жүрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында сабак учурунда мектепке барбай, автоунаа жууган, машина базардын ичинде соода-сатык менен алектенген, автоунаалардын маалыматы камтылган кагаздарды саткандар текшерилди.

Рейддин жүрүшүндө 21 бала мектепке барбай, машина базарда иштеп жүргөндүгү аныкталып, мектеп директорлоруна сунуштар жөнөтүлдү. Алардын ата-энелери чакыртылып, балдарын сабактан калтырбоо керектиги эскертилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аныкталган өспүрүмдөрдүн ичинен 7 окуучу Сузак районунан келишкендиги такталды.

Белгилей кетсек, рейд Жалал-Абад шаардык милициясынын Балдар иштери боюнча инспекциясы, прокуратура, социалдык адистер тарабынан жүргүзүлдү.

ТОНООЧУЛУККА ШЕКТЕЛГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Аламүдүндө тоноочулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-декюбарда милиция арыз менен 21 жаштагы Р.Р. аттуу жаран кайрылыпанда ал белгисиз адамдар анын “Редми” үлгүсүндөгү баасы 22 миң сомду түзгөн уюлдук телефонун тартып алып, изин жашырып кетишкенин билдирген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ошол эле күнү милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жарандын өздүгү аныкталып, ал 2004-жылы туулган А.О. аттуу жаран экендиги такталган. Шектүу кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 157