• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жээнбеков кармалды. Бишкекте кайрадан митинг өтөт

13 Бештин айы 2019 13:41 Бишкек Govori.TV

РАВШАН ЖЭЭНБЕКОВ КАРМАЛДЫ

Бишкекте экс-депутат Равшан Жээнбеков кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, мурунку эл өкүлү барымтага алуу жана массалык башаламандык уюштурууга шектелип жатат. КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын айтымында, Жээнбеков 48 саатка кармалды. «Ал ИИМдин тергөө кызматына сурак берди», — дейт Жолдубаева. Мурунку депутат Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Буга чейин аны ИИМдин тергөөчүлөрү бир канча жолу суракка алышкан болчу.

МИЛИЦИЯ БАЛДАРЫН САБАГАН АЯЛДЫ ИЗДӨӨДӨ

Милиция балдарын уруп, таштап кеткен атасын чакырттырган аялды издөөдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, милиция сабоо фактысы боюнча шаар аймагында издөө иштерин жүргүзүүдө.
Социалдык тармактарда балдарын атасы кетип калгандыктан сабаган аялдын видеосу тараган. Балдарын уруп жаткан аял: “Мен азыр силерди таштап кетем. Ыйлабагыла! Атаңарды чакыргыла.”, – деп айтканы көрүнүп турат. Кээ бир ЖМКларда балдарын сабаган аялдын сүрөтү жарыяланган.

СӨЗ ЭРКИНДИГИН КОЛДОО МАКСАТЫНДА МИТИНГ ӨТӨТ

Борбор калаада сөз эркиндигин колдоо максатында #REакция 2.0 митинги өтөт. Бул тууралуу соцтармактарда жарыяланууда.
Акция Ала-Тоо аянтында 18-декабрда саат 11 жарымда башталат.
Тынчтык акциясынын өтүшүнө бир тууган Матраимовдордун ЖМКларга карата доо арызы себеп болду. Жалпы доо суммасы-60 миллион сом. Белгилей кетсек, буга чейин «Азаттык» жана Kloop сайты «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн жарыялаган. Аны 24.kg шилтеме берип жазып чыккан. «Азаттык», Kloop жана OCCRP тарабынан иликтенген маалыматты мекемелер аралык тергөө тобу иликтей турганын УКМКдан билдиришкен болчу.

Количество просмотров: 169