• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Журналист үй камагына чыкты. Бишкектин борборунда жолдор жабылат

21 Жетинин айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖУРНАЛИСТ АБАКТАН ЧЫКТЫ

Журналист, Nazar news сайтынын ээси Гүлжан Шерипбаева үй камагына чыкты. Бул тууралуу райондук соттун маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 20-ноябрындагы чечими менен Шерипбаева 2024-жылдын 15-январына чейин үй камагына чыккан.

Буга чейин Шерипбаева 48 саатка кармалганын жакындары билдиришкен. Кийин соттун чечими менен 1-декабарга чейин камалган. Журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (“Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты (араздашууну) козутуу”) боюнча айып тагылган.

БИШКЕКТИН БОРБОРУНДА  ЖОЛДОР ЖАБЫЛАТ

Бүгүн, 21-ноябрда Кыргызстан — Оман футбол курама командаларынын беттешин өткөрүүгө байланыштуу Бишкекте Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун аймагында унаа кыймылы үчүн убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Ошентип, төмөнкү көчөлөрдө саат 14:00 до 22:00гө чейин убактылуу чектөө киргизилет: Тоголок Молдо көчөсү — Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсунө чейин; Фрунзе көчөсү — Тоголок Молдо көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды каттамды алдын ала тандоого жана мындай чараларга түшүнүү менен кароого чакырат. Оюн саат 19:00дө башталат.

БИР СУТКАДА 14 ӨРТ КАТТАЛДЫ

Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 14 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 3; Ош облусунда – 5; Чүй облусунда – 3; Жалал-Абад облусунда – 1; Талас облусунда – 1; Баткен облусунда – 1 тилсиз жоо катталган.

Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан эки чыгуу болду.

Количество просмотров: 87