• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Журналист Темировго дагы 3 кылмыш иши ачылган. Балбан Шаршенбеков алтын үчүн күрөшөт

20 Чын куран 2022 14:02 Бишкек Govori.TV

ЧЕК АРАДА КЕЗЕК КҮТКӨН УНААЛАР

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде 180дей оор жүк ташуучу машина топтолуп турганын Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады. «Чоң-Капка-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунда 60 автоунаа чек арадан өтүү үчүн кезекте турат. Мекеменин басма сөз кызматынын маалымдашынча, «Чалдыбар-автодорожныйда» 35тей, «Кең-Булуңда» 30дай машина бар. Мамлекеттик чек аранын башка өткөрүү пункттарында адамдардын жана транспорт каражаттарынын топтолушу катталган жок.
Кыргызстандын Казакстан менен чек арасындагы өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат.  Казакстандын чек арасындагы жүк ташуучу машинелердин тыгыны бир аптадан ашык убакыттан бери чечиле элек.
Буга чейин «Ак-Тилек» өткөрмө бекетиндеги тыгындан улам айрым бош машиналар жүргүнчүлөр өтүүчү «Кең-Булуң» бекетине жөнөтүлгөнү кабарланган.

БОЛОТ ТЕМИРОВ СУРАККА ЧАКЫРТЫЛДЫ

Temirov LIVE компаниясынын негиздөөчүсү, иликтөөчү Болот Темиров 20-апрелде суракка чакырылды. Бул тууралуу Темиров өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Мунун алдында Темиров өзүнө карата дагы үч кылмыш иши козголгонун жазган. Журналист муну кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырууда. Ал бийлик ага жана анын командасына басым жасап жатканын белгилеген.
Журналист кылмыш иши кайсы берене боюнча козголгонун ачык айткан эмес.
Мунун алдында Temirov LIVE УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерден утуп алганы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.
Иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштеген төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармаган. Эртеси күнү экөөнү тең чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошоткон.

КЫРГЫЗ БАЛБАНДАРЫ АЗИЯ БИРИНЧИЛИГИНДЕ

Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде грек-рим күрөшүнөн 60 кг салмакта Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты. Ал мелдештин чейрек финалында Монголиянын балбанын 8:0 эсебинде жеңип алган. Жарым финалда казак балбан Ернур Фидахметовду 6:1 эсебинде утуп, финалга чыкты.

Эми ал финалда Ирандын балбаны менен беттешет.

Ал эми 97 кг салмакта Үзүр Жусупбеков менен 72 кг салмакта Адилхан Нурланбеков коло медаль үчүн күрөшө турган болду.

Эске салсак, Азия чемпионатынын кечээки беттештеринде Акжол Махмудов (77 кг) жана Тынар Шаршенбеков (63 кг) алтын медаль, Роман Ким (130 кг) коло медаль алган.

Азия чемпионатына Кыргызстандан жалпы 21 балбан катышууда.

Количество просмотров: 73