• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Зордуктоого айыпталган актердун иши тергөөгө жөнөтүлдү. Опузалап акча талап кылгандар кармалды

6 Бештин айы 2022 14:14 Бишкек Govori.TV

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫНАН ӨТҮҮ ЖЕҢИЛДИКТЕРИ

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарынын чек арадан өтүүсүн жеңилдеткен келишимди жактырды.

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаевдин маалыматына караганда, бул келишимдин негизинде эки өлкөнүн жарандары чек арадан ID-карт менен өтө алышат. Балдар жалпы жарандык паспорт менен өткөрүлөт. Сөз болуп жаткан макулдашуу качан ишке киргизилери маалымдалган жок.

Азыр эки өлкө тургундары тигил же бул жака жалпы жарандык паспорт менен өтүшөт.

Учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда бир нече чек ара бекети иштеп жатат. Ош облусундагы «Достук» чек ара бекети 2017-жылы ачылган. Көп өтпөй Жалал-Абад облусундагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү «Маданият» жана «Баймак» өткөрмө бекеттери ишин жанданткан.

АКТЕРДУН ИШИ ТЕРГӨӨГӨ ЖӨНӨТҮЛДҮ

Актер Чыңгыз Мамаевге каршы козголгон кылмыш иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн 6-декабрда Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим «Тергөөнүн кемчиликтерин толуктоо үчүн» деген негизде 22-ноябрда кабыл алынган. Иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда жабык каралып жаткан.

Эске салсак, Мамаев 2022-жылы апрель айында зордуктоого шек саналып кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси («Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети») менен иш козголгон.

ОПУЗАЛООГО ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫ

Опузалап акча талап кылууга шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-ноябрь күнү Октябрь райондук милициясына К.С. аттуу жаран кайрылып, Э. жана М. аттуу жарандар жарым жылдан бери коркутуу жолу менен 6 миң доллар опузалап келе жатканын билдирген.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

    «Акча каражаттарын алып жаткан жеринен 31 жаштагы Н.М. жана 33 жаштагы Б.Э. аттуу жарандар кармалган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө алардын, мындан мурда болгон, каракчылык жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 10066