ТЕРГӨӨЧҮ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ
Башкы прокуратура райондук прокуратуранын тергөөчүсүн пара алып жаткан жеринен кармады. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук прокуратурасынын тергөөчүсү кылмыш иши боюнча маселелерди оң жакка чечүүнү убада кылган.
«Бүгүн, 14-июнда саат 09:40 чамасында Башкы прокуратура тарабынан УКМКнын ыкчам коштоосунда Жалал-Абад областынын Ала-Бука райондук прокуратурасынын тергөөчүсү А.А. арыз ээсине карата сот өндүрүшүндөгү кылмыш иши боюнча маселелерди оң чечүү үчүн 100 миң сом өлчөмүндүгү пара алып жаткан жеринен кармалды. Жогорудагы акча каражаттар А.А.нын автоунаасында табылды», — деп айтылат маалыматта.
КЫТАЙГА БАЛЫК, КАРТОШКА, ТӨӨ БУРЧАК ЭКСПОРТТОО ПЛАНДАЛУУДА
Кыргызстан балык, картошка жана төө буурчакты экспорттоону пландоодо. Бул тууралуe Fйыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
Анын айтымында, бир катар талаптар бар, ведомство азыр кытай тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
“Биз ошондой эле картошка жана төө буурчак жеткирүү боюнча Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Жеткирүүлөрдү баштоо үчүн продукцияларды текшерип, сапатын тастыктай турган сертификатталган лабораториялар зарыл”, — деди министр
ЗЫЯРАТЧЫЛАР МЕДИНАГА ЖЕТТИ
Кыргызстандык зыяратчылардын экинчи тобу Медина шаарына жетти. Аларды ажылыкты уюштуруу боюнча штаб өкүлдөрү тосуп алышты.
Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда болочок ажылар мейманканаларга жайгаштырылып, аларга САПтын ажылык мезгилиндеги эрежелер түшүндүрүлүүдө.
Белгилей кетсек, зыяратчылардын алгачкы тобу 12-июнда Медина шаарына сапар тарткан.
Быйылкы жылы кыргызстандык ажыларды Jazeera авиакомпаниясы тейлөөдө.
Белгилей кетсек, быйылкы ажылык сапарына Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлүнгөн. Ажылыктын баасы 3900 долларды түзөт.