• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Согуш ардагерлерине акчалай жардам берилет

23 Чын куран 2021 19:11 Бишкек Govori.TV

 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына жыл сайын бир жолку акчалай жөлөкпул төлөөнү бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Өкмөттүн тийиштүү токтомуна ремьер-министр Улукбек Марипов кол койгон, — деп билдирет өкмөттүн маалымат кызматы.

Аталган чечимге ылайык, 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына 9-майга карата жыл сайын жарандардын төмөнкү категорияларына бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнсүн:

1) Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына – эсептик көрсөткүчтүн алты эсе өлчөмүндө;

2) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына – эсептик көрсөткүчтүн төрт эсе өлчөмүндө;

3) 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана “За оборону Ленинграда” медалы менен сыйланган адамдарга жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдарга – эсептик көрсөткүчтүн төрт эсе өлчөмүндө;

4) экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын мурдагы жашы жете элек туткундарына – эсептик көрсөткүчтүн төрт эсе өлчөмүндө;

5) Улуу Ата Мекендик согуштагы фронтто курман болгон жоокерлердин ата-энелерине жана экинчи никеге турбаган жесирлерине (жесилдерине) – эсептик көрсөткүчтүн эки эсе өлчөмүндө;

6) Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга – эсептик көрсөткүчтүн бир эсе өлчөмүндө;

7) Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз түрдө күч менен мобилизацияланган жана кийин реабилитацияланган жарандарга – эсептик көрсөткүчтүн бир эсе өлчөмүндө; 1) Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына – 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө;

2) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына – 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө;

3) 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана “За оборону Ленинграда” медалы менен сыйланган адамдарга жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдарга – 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө;

4) экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын мурдагы жашы жете элек туткундарына – 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө;

5) Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилинде курман болгон жоокерлердин жесирлерине – 15 000 (он беш миң) сом өлчөмүндө;

6) Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга – 15 000 (он беш миң) сом өлчөмүндө;

7) Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз түрдө күч менен мобилизацияланган жана кийин реабилитацияланган жарандарга – 15 000 (он беш миң) сом өлчөмүндө.

Жыл сайын бир жолку акчалай жөлөкпулду төлөө алган пенсиясынын, жөлөкпулунун, акчалай компенсациясынын өлчөмүнө карабастан, республикалык бюджеттин каражаттарынан жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 122