• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Сойкулукка тартуу менен алектенген шектүүлөр кармалды

3 Тогуздун айы 20249:54 Бишкек Govori.TV

Борбордук милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан сойкулукка тартуу менен алектенген шектүүлөрдү кармашты.

Бишкек ШИИББдин басма-сөз кызматы таратка маалыматка ылайык, 24-сентябрда болжол менен саат 15:00дөр чамасында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБнын нөөмөт бөлүгүнө, Абдымомунов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде «А.» жана «А.» аттуу белгисиз жарандар жашы жете элек кыздарды кыйноо жана коркутуу жолу менен интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренеси (сойкулук менен алектенүүгө тартуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек ШИИББнын ыкчам кызматкерлери тарабынан 1995-жылы туулган А.А. жана 2005-жылы туулган Х. Ж. аттуу жарандар аныкталып, кармалган. Райондук башкармалыктын Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Белгилей кетсек, аталган «ПРИТОН»аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү учурунда аныкталган.

Учурда кылмыш ишин тергөө иштери улантылууда.

Количество просмотров: 412