• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сокулук РИИБдин убактылуу кармоо жайында бир киши каза болду

3 Жалган куран 2021 9:55 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайында камалып турган жаран каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-март күнү Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайында 1970-жылы туулган эркек киши эс-учун жоготкон абалда табылган.

«Окуя болгон жерге дароо Тез жардам кызматы чакырылып, медиктер киши көз жумганын аныкташкан. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ишти иликтөө үчүн УКМКга өткөрүп берилди.», — деп айтылат маалыматта.

Каза болгон жаран уурулук менен кармалып, 2 айга камакка алынган. Учурда териштирүү иштери башталып, ишти ИИМдин жана Чүй ОИИББинин жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алганы маалымдалды.

Количество просмотров: 344