Сокулук районунда өзүнүн күйөөсүн өлтүрүүгө шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 10-июлунда Сокулук райондук милициясына Сокулук айылында жайгашкан үйлөрдүн биринде эркек киши бычакталганы тууралуу маалымат түшкөн.
Алынган маалымат боюнча, окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери бычакталган жаран 1989-жылы туулган К.Д. аттуу жаран экенин аныкташкан. Ал алган жаркатынан улам каза болгон.
Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинде («Адам өлтүрүү») каралган кылмыш белгиси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Сотко чейин өндүрүштүн жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары маркумдун 1979-жылы туулган К.М. таттуу аялы кармалды.
Болжолдуу версиялар боюнча жубайлардын ортосунда чыр-чатак чыгып, натыйжада аялы күйөөсүн бычак менен жарадар кылган.
Азыркы учурда шектүү Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, бардык зарыл экспертизалар дайындалды.
Сотко чейинки өндүрүш уланууда.