• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сокулукта оор кылмышка шектелген жаран кармалды

9 Бирдин айы 2022 13:17 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунда оор кылмышка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 8-февралында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө айылдардын биринен ээси жок унаа табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Ыкчам-тергөө тобу ээси жок «Тойота Лэнд Крузер Прадо» үлгүсүндөгү унаанын жанынан 100 метр аралыкта киши колдуу болуп өлтүрүлгөн (бир нече жолу бычактан алган жаракаттары менен) адамдын сөөгү аныкташкан.

Милиция кызматкерлери өлгөн жарандын өздүгүн аныктап, ал Бишкек шаарынын тургуну 56 жаштагы О.Т. болуп чыкты. Көрсө, ал 2022-жылдын 7-февралынан бери Бишкектин Свердлов районунда дайынсыз жоголгондордун тизмесинде болгондугу маалым болгон.

Аталган факты Сокулук РИИБне каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Киши өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Чүй ОИИББнын кылмыш иликтөө кызматкерлери жана Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун тургуну 33 жаштагы Т.А. жогорудагы кылмышка шектелип кармалган. Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, адамдардын ортосунда чыр чыгып, анын жүрүшүндө жаран О.Т. бычакталган. Мындан тышкары кылмышка шектүү Т.А. жабырлануучуну ферма кызматкерине 30 баш бодо малын берүүгө мажбурлаганы тууралуу маалымат бар. Андан ары өлтүрүлгөн адамдын сарайына келип, 30 буканы жүктөп чыгып кеткен.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 133