• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Сокулукта өспүрүм кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды

6 Бештин айы 2021 11:09 Бишкек Govori.TV

Сокулукта өспүрүм кызды зордуктоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 5-декабрында Сокулук районунун ИИБне белгисиз бирөө 16 жаштагы кызга кол көтөрүп, зордуктаганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда кыздын атасы 2021-жылдын 5-декабрь күнү эртең менен анын 2004-жылы туулган кызын белгисиз бирөө Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуга убада кылуу менен жолдон күч колдонуп, аны зордуктаганын билдирген. Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1990-жылы туулган К.Н. аттуу жаран кармалып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Белгилеп кетүүчү жагдай, окуя болгон күнү 5-декабрда Сокулук районунун айылдарынын биринин жашоочулары жогорудагы окуя боюнча болжол менен 50дөй киши Сокулук РИИБнин имаратынын алдына чогулушкан. Алар менен Сокулук РИИБнин жетекчилиги жолугуп, жогорудагы кылмыш иши боюнча түшүндүрмө берип, ал иш көзөмөлдө турганын айтып, мыйзам чегинде тергөө иштери жүргүзүлөрүн билдирген соң, чогулгандар таркап кетишкен»,-деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Териштирүү иштери улантылууда.

Количество просмотров: 1494