• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Сокулукта тергөөчү пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды

18 Чын куран 2023 17:10 Бишкек Govori.TV

Сокулук РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында КР ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Сокулук РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Чүй облусунун Сокулук РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты Д.К.Д. КР М.Д.О. аттуу жаранынан алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн 5 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылганы аныкталды.

Бул факты боюнча КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси («Опузалап пара алуу») менен кылмыш иши козголду.

Азыркы учурда бул факты боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 86