• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Сокулукта жергиликтүү эки тургундун үйүнө таш ыргытууга аракет кылышкан

1 Бугу 2021 12:18 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында абал туруктуу, деп билдирди 1-майда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы.

30-апрелде кечки саат сегиз жарымдар чамасында Жаңы-Жер айылында жаштар чогулуп жаткандыгы тууралуу милицияга маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, жаштар Баткен районунун тургундарына керектүү жардамдарды чогултуу максатында чогулгандыгын аныкташкан.

Кечки саат тогуз жарымдарда, чогулгандардын саны 50 адамга жетти. Буга байланыштуу элдик кошуундар жана жергиликтүү бийлик органдары коомдук тартипти бузуунун алдын алуу боюнча алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Бирок, кээ бир адамдар жергиликтүү эки тургундун үйүнө таш ыргытып, милиция келгиче качып кетишкен. Бул факт Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Басма сөз кызматы жабыркагандар болгон жок деп белгиледи. Үйлөрдүн тосмолоруна гана анча-мынча зыян келтирилгендиги аныкталды.

Окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Түнкү саат он жарымдар чамасында эл милиция жана жергиликтүү бийлик менен сүйлөшкөндөн кийин тарап кетишти.

«Учурда Чүй облусунун аймагында абал толугу менен милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Мындан тышкары, коомдук тартипти жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары элдик кошуун менен биргеликте камсыз кылышууда», — деп билдирди ШИИБ.

Количество просмотров: 54