Социалдык түйүндөрдө зер буюмдарды саткан соода борборлордун биринен шакек уурдап кармалып калган аялдын видеосу жарык көрдү.
Видеобайкоого түшүп калган кадрда аял зер буюм көрүмүш болуп, соодагер алаксып жатканда алтынды оозуна салып жиберген. Байкап калган сатуучу зер буюмду оозунан чыгарып алганын көрүүгө болот. Төмөндөгү окуя кайсы жактан жана качан болгону белгисиз.