• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын президентин жана түркмөн элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

27 Аяк оона 2019 11:11 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-сентябрда, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовду жана түркмөн элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка негизделген достук мамилелер эки өлкөнүн кызыкчылыктары үчүн мындан ары да жигердүү жана ырааттуу өнүгөт деп терең ишенем. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишиңизге ийгиликтерди, ал эми түркмөн элине тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм», — деп белгиленген Президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосунда.

Количество просмотров: 64