• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сооронкулова: Мугалимдерге Жапаровдон башкага кол топтоого болбойт экен

24 Жетинин айы 2020 14:24 Бишкек Govori.TV

24-ноябрда Бишкекте президенттикке талапкер болууга Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген саясатчылар укуктары бузулуп жатканы жөнүндө маалымат жыйын өткөрдү.

Анда президенттикке талапкер Клара Сооронкулова «түштүк аймактарда мугалимдерге Садыр Жапаровдон башкага кол топтоого болбойт экен» деген билдирүү айтты.

Анын айтымында, ал президенттикке шайлоого кол топтоо максатында түштүк региондогу мектептердин бирине жардам берүү үчүн кайрылган. Бирок мектеп директору Садыр Жапаровдон башкага кол топтоого тыюу салганын айткан.

Белгилей кетсек, шайлоого катышуу үчүн талапкер 30 миң кол топтоого тийиш.

Количество просмотров: 1285