«Реформа» саясий партиясы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри К.Джунушалиевге жана Башкы прокурор Ө.Джамшитовго арыз жазышты. Бул тууралуу Клара Сооронкулова Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, «Реформа» партиясы эл менен жолугушуу өткөрүп жатканда, чогулушка бейтааныш адамдар келип, жыйынды үзгүлтүккө учуратуу аракети болгон.
Арыздын тексти толугу менен өзгөртүүсүз сунуштайбыз:
2020-жылдын 13-сентябрында Ат-Башы мал базарында Реформа партиясынын талапкерлери үгүт иштерин жүргүзүү учурунда, Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүнүн кызматкерлери мыйзамсыз байкоо жүргүзүп, жалданма чагымчыларын жумшап, биздин шайлоочулар менен болгон жолугушууларды үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышты.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө мыйзамына ылайык, ички иштер органдарынын кызматкерлери жарандардын талабы боюнча кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө милдетүү, ушуга байланыштуу бизге сыртыбыздан байкоо жүргүзгөн кызматкерлер биздин мыйзамдуу талабыбызды тоготпостон, күбөлүгүн көрсөтүүдөн баш тартышты. Бизге жеткен маалыматтар боюнча байкоо жүргүзгөн адамдар Ат-Башы ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, алардын арасында ИИБнин башчысынын орун басары Эрнис аттуу жаран (сүрөттө көк спорттук кийим кийген).
Андан тышкары, Жазык-процессуалдык кодексинин 213-беренесинин 6-пунктуна ылайык адамдарды байкоо атайын тергөө амалдарына кирет. Демек, ЖПКнын 212-беренесине ылайык атайын тергөө аракеттери жазык сот өндүрүшүндө далилдөөгө жаткан шарттарды билүү үчүн, кызыкчылыктары козголгон адамдар жазык сот өндүрүшүнө тартууну маалымдабай туруп, тергөө аракеттери менен муну аныктоо мүмкүн болбогон фактылар жөнүндө маалымат алуу зарыл учурларда гана жүргүзүлөт (1-пункт).Тергөөчү атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү зарыл болсо тергөө судьясынын алдында тиешелүү өтүнмөнү козгойт, бул жөнүндө прокурорду кабарландырат (2-пункт).Атайын тергөө аракеттери оор жана өзгөчө оор кылмыштардын категориясына кирген жазык иштери боюнча жүргүзүлөт (3-пункт).
Ушуга байланыштуу, Реформа партиясынын талапкерлери Карасартова Рита, Мусуралиев Марат, Чакиев Азамат жана Сооронкулова Кларага карата сыртынан байкоо аракети кандай негиздерде жүргүзүлгөнү жана анын мыйзамдуулугу тууралуу маалымат беришиңизди талап кылабыз. Эсиңизге салып кетчү жагдай — ЖПКнын 214-беренисинин талаптарына ылайык атайын тергөө амалдары тергөө судьясынын токтомунун негизинде гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Андыктан, бизге карата сотко чейинки өндүрүш козголгондугу тууралуу маалыматты билүүгө толук укуктуубуз.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө мыйзамынын 3-беренесинин негизинде (ички иштер органынын кызматкеринин аракети менен өзүнүн укугуна, эркиндигине жана мыйзамдуу таламдарына шек келтирилди деп эсептелген адамдар бул аракеттерге ички иштер органынын жогору турган органына же кызмат адамына, прокурорго, ошондой эле сотко даттанууга укуктуу) арызга тиркелген сүрөттөрдөгү Ат-Башы ИИБнин кызматкерлеринин аты-жөнүн тактап берүүнү жана аларга карата мыйзамда каралган жоопкерликке тартуу чараларын көрүүңүздү талап кылабыз.
Ушул арызга мыйзамда каралган мөөнөттө жооп күтөбүз.
Реформа саясий партиясынын төрайымы Сооронкулова К.С
14.09.2020