• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

“Сосновка” бекетинде оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди

29 Жалган куран 2022 15:24 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Төө-Ашуу, Жалал-Абад облусунун Ала-Бел жана Талас облусунун Өтмөк ашууларында аба ырайы турукташканга чейин Бишкек-Ош унаа жолунун «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларынын айланасындагы жолдордо кар күрткүсү (катуу, көрүүнүн чектелиши) байкалууда.

Ашууларда жолду тазалоого бардык керектүү техникалар тартылып, унаалардын коопсуз өтүүсү үчүн инерттүү материалдар төгүлүүдө.

ЖКККББ айдоочуларды кардын чынжырын алып жүрүүгө, каршы тилкеге чыкпоого, тыгын болгон жерге атайын техниканын жүрүшүнө тоскоолдук кылбоого, жайкы дөңгөлөктөр менен жүрбөөгө жана унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоого чакырат.

Количество просмотров: 112