• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

«Сот акелер, сооп иш кылгылачы!». Активист соттун алдында жарамазан айтты

17 Чын куран 2023 13:21 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-апрелде жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдында сотторго жарамазан айтты.

Токтонасыров Кемпир-Абад боюнча кармалган саясатчы, активист, укук коргоочуларды бошотууну талап кылып, төмөндөгүдөй жарамазан айтты.

Ассалоому- алейкум, жарамазан,
Он эки айда бир келген орозо жан!
Он эки айдын орозо алпы экен,
Жарамазан айтылчу шарты экен.

Жарамазан, айтамын, жарамазан!
Орозонун отуз күнү ойгонбосоң,
Оо бай аке, курсагың жара басам!

Адыр адыр тоолордон,
Айгыр минип мен келдим,
Айгыр оозун тарталбай
Ушул СИЗОго туш келдим.

Жарамазан айтат деп түрмөбүзгө,
Оо жарандар, калп эле күлбөгүлө!
Ооз бекитчү жер эмес түрмө бизге!
Ак жеринен жаткан бар түрмөбүздө!

Жарамазан айтайын жарамазан,
Казан-аяк калдырайт
Май томуруп жатабы?
Ак жеринен жалдырайт,
Түрмө болуп жатагы.
Жаман болду элиме
Кемпир-Абад чатагы!

Жарамазан жарымы арман экен,
Жаркыраган Рита кыз жана көптөр
Орозодо камакта калган эчен
Оо Жараткан, бул жашооң жалган экен!

Жарамазан айтамын жарамазан,
Орозонун отуз күнүндө оо сот аке,
Ак жеринен камакта жаткандарды
Актоо жагын кайрадан карабасаң!
Акыйкаттык каякта андайларга
Азаттыкты берүүгө жарабасаң!?
Жарамазан айтамын жарамазан!

Жарамазан, айтайын, жарамазан!
Он эки айда бир келген орозо жан.
Жан бар бекен ойлогон алсыздарды,
Камактагы кыйналган алсыз жанды!

Ыйык айда бир келген Жараткандан,
Ыйман сурап ырдаймын таң аткандан!
Ыйман бергин оо Кудай сот акеге,
Кожоюнга, олтурган бийик жерде,
Ыйман бергин, Жараткан бийликтерге!

Жарамазан айтамын жарамазан,
Бошотууга кантейин жарабасам!
Кемпир-Абад чуусунда Кемпир-Абад,
Айтылды го көп эле алым-сабак?
Ританы баш кылып, бошотсоңор,
Көп кишини кармабай барымталап!

Жарамазан жөн эмес жарамазан,
Жаратканга жагар иш кылгылачы!
Жатышкан бул түрмөдө шордууларга,
Жакшылыктын жарыгын сунгулачы!
Ыйык айда кутулуп күнөөлөрдөн,
Ыраазылык, алкышка тунгулачы!
Жарамазан ырына Өндүрүштүн,
Жакшылап бир көңүлүң бургулачы!
Орозодо, отуз күн – ыйык айда,
Сот акелер, бир сооп иш кылгылачы!

Количество просмотров: 91