• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сот актер Михаил Ефремовду адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгына күнөөлүү деп тапты

8 Аяк оона 2020 16:59 Бишкек Govori.TV

Москва шаарындагы жол кырсыкта адам өмүрүн кыюуга айыпталган актер Михаил Ефремовдун иши каралды. Судья актер мас абалда жол кырсыкка себепкер болгонун айтты.

Жыйынтыгында актер 8 жылга эркинен ажыратылып, жазасын жалпы режимдеги абакта өтөй турган болду. Буга чейин үй камагына чыккан айыпталуучу сот залынан камакка алынды.

8-июндагы жол кырсыкта курьер болуп эмгектенген Сергей Захаровдун өмүрү кыйылган. Ал эми актер отурумда кырсык учурунда эч нерсе эсинде калбаганын айткан. Судья болсо бир катар жол эрежеси бузулуп, айдоочу башкарууну жоготконун белгиледи.

Буга чейин айыптоочу тараптан Ефремовду 11 жылга эркинен ажыратуу сунушталган болчу.

Количество просмотров: 153