• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сот Атамбаевдин ден соолугу боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындады

14 Чын куран 2021 16:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-апрелде, Кой-Таш окуялары боюнча соттук процесс учурунда Биринчи май райондук соттун судьясы Азирет Медеров Алмазбек Атамбаевдин ден соолугунун абалына баа бере турган соттук-медициналык экспертизаны дайындоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева маалымдады.

Ошону менен Кой-Таш окуялары боюнча соттук териштирүү экспертиза бүткөнгө чейин токтотулду.

«Ошондой эле, бүгүнкү соттук отурумда Равшан Жээнбеков болгон жок. Экс-депутаттын жактоочулары сотко анын ооругандыгы тууралуу маалымкатты көрсөтүштү, ал коронавирус жугузган болушу мүмкүн», — деди Жолдубаева.

Эске салсак, учурда Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуялары боюнча жана 9-октябрда массалык баш аламандыктарды уюштургандыгы үчүн СИЗОдо камакта отурат. Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Атамбаев 11 жылга кесилген.

Количество просмотров: 185