• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Соңку жанылыктар: Жапаровдун тарапташы Кашкарбаев үй камагына чыкты. Коронавирустан 1 бейтап көз жумду

1 Жетинин айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда соңку бир күндүн ичинде коронавирус дагы 68 адамга жугуп, вакцина албаган бир бейтап көз жумду. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооругандар Бишкек шаарында көп. Ушул тушта 700дөн көп адам ооруканаларда, дагы ушунча киши үйлөрүндө дарыланып жатат.

Кыргызстанда коронавирус болгондордун жалпы саны 181 миңден ашты. Пандемия башталгандан бери 2672 бейтап көз жумду.

Коронавирус инфекциясына каршы 1 миллион 728 миңден ашуун адам вакцина алды. Анын миллионго чукулу биринчи дозаны, калганы эки дозаны сайдырышты. Эмдөө бир адамга эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн болууга тийиш.

КАШКАРБАЕВ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫКТЫ

Бакай Кашкарбаевдин бөгөт чарасы каралып, үй камагына чыкты.

Маалыматка ылайык, 31-октябрь күнү Свердлов райондук соту 29-декабрга чейин Кашкарбаевди үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган.

Кашкарбаев Кылмыш-жаза кодексинин Жазык 344-беренесиндеги «Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо», 355-беренесиндеги «Бийлик өкүлүнө карата коркутуу» пункттары, Жоруктар тууралуу кодекстин 119-беренеси — «Майда бейбаштыкка» шек саналууда. Соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалып, Кашкарбаев милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө уланууда.

Кашкарбаев «Элдик көзөмөл» деп аталган кыймылдын башчысы, 2020-жылдагы саясий окуяларда азыркы президент Садыр Жапаровдун жигердүү тарапташы катары таанылган.

“ИМПЕРИЯ ПИЦЦЫ” КАФЕСИ ИШТЕП БАШТАДЫ

«Империя пиццы» кафесинин Бишкектеги бардык филиалы учурда иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкектин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ууланууга байланыштуу эпидемиологиялык иликтөөнүн алкагында кафе текшерилип, айып салынган. «Империя пиццы» менюсунан Жапон ашканасын жана балыктардан жасалган тамактарды убактылуу чыгарып салган.

Эске салсак, 23-24-октябрь күндөрү Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамактан ууланып, медициналык жардам сурап 12 киши кайрылган. 29-октябрда ооруканага кайрылгандардын саны 318ге жетти. Кайрылгандар “Империя пиццынын” кафелеринен үйлөрүнө жеткирип берүү буйрутмасы менен суши-ролл жешкенин айтышкан.

Количество просмотров: 76