• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Сот Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кулматовдун бөгөт чарасын карайт

2 Тогуздун айы 2018 9:12 Бишкек Govori.TV
Бишкек.02.10.2018.Govori.TV.
Жогорку Сот Бишкек шаарынын мурдагы мэри, Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматовдун бөгөт чарасын карайт.
Бул тууралуу “Азаттыкка” Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев билдирди. 24-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кубанычбек Кулматовдун бөгөт чарасынын мөөнөтүн узартууну карап, аны 28-октябрга чейин камакта калтырган чечим чыгарган. Сот Кулматовдун абактагы мөөнөтүн ушуну менен үчүнчү жолу узарткан.
Жактоочу Кулматов үчүн мыйзам иштебей жатканын белгилеп келатат.
Кулматов коррупция жана жараксыз паспортту пайдалануу боюнча айыпталып жатат. Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») менен айып тагылган.
Июнь айында Кулматовго 350-346-беренелердин (“Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде экинчи кылмыш иши козголгон. УКМК аны «1995-жылы Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн» деп айыптап жатат. Азыр ал УКМКнын тергөө абагында отурат.
Количество просмотров: 25