• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Сот «Биздин Кыргызстан» партиясын шайлоодон чететтүү чечимин жокко чыгарды

28 Теке 2021 14:05 Бишкек Govori.TV

Бишкектин административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын Ош шаардык кеңешине болгон кайра шайлоодон «Биздин Кыргызстан» партиясын четтетүү тууралуу чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, партия лидери Айбек Осмонов фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Ар бир добушуңуздарды эске алуу менен акыйкаттыктын шамы үлбүрөп, жарыгын чачты десем да болот. Бүгүн, соттун чечими адилеттүү болду. Ош шаарындагы болуп өткөн шайлоодогу жыйынтыгыбызды Бишкектин административдик соту тааныды. Бул деген, Кыргызстанда демократиянын эпкини бар экенин түшүндүрөт. Ушул адилеттүүлүктүн өмүрү узун болсун. Учурдагы чечим “Биздин Кыргызстан” партиябыздын жеке тарыхында жоон, сыялуу тамга менен жазылып калат десем болот”,-деп жазды Айбек Осмонов.

БШК 26-июлдагы отурумунда Ош шаардык кеңешине кайра шайлоого катышкан «Биздин Кыргызстан» саясий партиясына берилген добуштарды жараксыз деп таап, партияны тизмеден чыгарган. Арыздарды караган жумушчу топ партияны тизмеден чыгарууга талапкерлердин добуш сатып алууга аралашканы себеп болгонун билдирген. Партия муну саясий чечим катары кабыл алып, сотко кайрылган.

Теги:
Количество просмотров: 141