• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Сот Дамира Ниязалиевага өкүм чыгарды

2 Жалган куран 2024 17:47 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиевага байланыштуу кылмыш ишти карап, өкүм чыгарды.

Бишкек шаардык сотунан 2-мартта билдиргендей, Ниязалиеваны кошкондо алты киши Кылмыш кодексинин «Добуш сатып алуу» беренеси боюнча айыптуу деп табылып, үч жылга эркинен ажыратылды. Бирок аларга карата мунапыс колдонулуп, эркиндиктен ажыратуу түрүндөгү жоопкерчиликтен бошотулду.

Сот өкүмү 29-февралда чыккан.

2023-жылы 28-майда №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы маалыматтарына ылайык, Дамира Ниязалиева алдыга чыккан.

Мунун алдында интернетте Ниязалиеванын үнүнө окшош аялдын шайлоо штабынын кызматкери делген адам менен сүйлөшүүсү тараган. Алар кишилерди ташып келүү, акча берүү жана башка темаларды сүйлөшкөн. Ниязалиева видеодогу сөздөр чындыкка дал келбей турганын билдирип, аудиону “монтаж” деп айткан.

Количество просмотров: 575