• Бейшемби 18 Кулжа 2026
  • Четверг 18 Июнь 2026

Сот Карасартованын кармалышын мыйзамдуу деп тапты

10 Жетинин айы 202210:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаардык сотунда жарандык активист Рита Карасартованын кармалышынын мыйзамдуулугу каралды.

Шаардык сот Карасартованын кармалышын мыйзамдуу жана негиздүү деп тааныды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20дан ашык саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бирөө ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

Количество просмотров: 217