• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сот Карганбек Самаковдго өкүм чыгарды

20 Бештин айы 2017 1:42 Бишкек Govori.TV

Борбор калаанын Октябрь райондук соту бүгүн түнү экс-депутат Карганбек Самаковду катаал тартипте 10 жылга эркинен ажыратуу туурасында өкүм чыгарды. Бирок, эки мунапыс менен абак мөөнөтү, үчтөн экиге кыскарды.

Ал эми аны менен кошо күнөөлөнүп жаткан Кубанычбек Самаков, Абай Таштанбеков, Аликбай Сариев, Эрнис Койчуманов жана Урмат Нурдиновдун үй-мүлкү конфискацияланып, катаал тартипте 8 жылга абакка кесилип, эки мунапыс менен абак мөөнөтү, үчтөн бирге кыскарды. Ал эми Игорь Чудинов менен Искендер Айдаралиевге 5 млн. сомдон айыппул салынды. Издөөгө алынган Арстанбек Ногоев, Курманбек жана Жаныш Бакиевдерге 10 жылдан берилди.

2008-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү айыл чарба жерлерин жеке менчикке өткөрүлгөнү боюнча Самаковго 2015-жылы майайында кылмыш иши козголгон. Ал эми ноябрда Башкы прокуратура иши сотко өткөргөн.

Самаковдон тышкары, аталган иш боюнча уулу Кубанычбек Самаковго, Жаныш жана Курманбек Бакиевдерге иш ачылган.

Мындан тышкары, Аламүдүн райондук соту тарабынан мыйзамсыз токтом чыгарып бергени үчүн ошол кезде өкмөттү жетектеп турган Игорь Чудиновго, биринчи вице-премьер Искендербек Айдаралиевге жана айыл чарба министри Арстанбек Ногоевге айып тагылган.

Спутник

 

Количество просмотров: 6