• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Сот менен Жогорку Кеңештин алакасы канткенде жакшырат?

27 Жетинин айы 202019:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-ноябрда «Зомбулукка каршы 16 күн» өнөктүгүнүн алкагында Кыргызстандагы парламентаризмди жана көз карандысыз сот бийлигин колдоо боюнча тегерек стол өттү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, депутаттар Айнуру Алтыбаева менен Махабат Мавлянова, жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер катышты.

Уюштуруучу, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын экс-судьясы Чынара Айдарбекованын айтымында, аял судьялар менен депутаттар чогулуп, судьялар карап жаткан мыйзамдардагы мүчүлүштүктөрдү талкуулашат.

«Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясы коомдук бирикмеси ушул долбоорду ишке ашырып жатабыз. Анда сот бийлиги менен Жогорку Кеңештин ортосундагы байланышты жакшыртуу каралган»,-деди Айдарбекова.

Количество просмотров: 146