• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сот мурдагы вице-премьер Зилалиевди 9 жылга эркинен ажыратты

5 Тогуздун айы 2020 18:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-октябрь күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча соттук отурум болуп өттү.  Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Соттун чечимине ылайык, Зилалиев күнөөлүү деп табылып, 9 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланат.

«Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 78-беренесинин 6-бөлүгүнүн негизинде, жазаларды жарым-жартылай кошуу менен Д.Т.Зилалиевге 9 жылга эркиндигинен ажыратуу менен 3 жылга чейинки мөөнөткө мамлекеттик кызмат орундарын ээлөө укугунан ажыратуу түрүндөгү жаза белгиленди. Д.Т.Зилалиевге карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы өзгөртүүсүз калтырылды»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынган. Бүгүнкү күндө ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат. Зилалиев айыптарды четке кагып, «мыйзамсыз түрдө камалганын» айтып келет.

Количество просмотров: 54