• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Сот Next TV телеканалынын арызын канаттандырган жок

22 Жалган куран 2022 11:43 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 22-мартта Next TV телеканалынын арызын канааттандырган жок.

Каналдын жетекчилиги 3-марттан бери жабык турган кеңсеге кирүүгө уруксат берүүнү өтүнүп сотко кайрылган.

«Биринчи май райондук сотунун чечимине байланыштуу Бишкек шаардык сотуна кайрылабыз»,- деди жактоочу Акмат Алагушов

Отурумда сот процессинин ачык өтүшүнө, журналисттер катышып, аудио, видеого жаздырууга уруксат берилген жок.

Белгилей кетсек, 3-мартта УКМК Next TV телеканалына Жазык кодексинин 330-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты козутуу) менен кылмыш иши козгоп, телеканалдын директору Таалай Дүйшенбиев менен эфирдик инженери Таалай Бейшембаевди кармап кетишкен.

Инженер Таалай Бейшембаев ошол эле күнү коё берилип, ал эми директору эки айга камакка алынган. УКМК Next TV социалдык тармактардагы баракчаларында Казакстандын Коопсуздук кызматынын экс-башчысынын сөзүнө таянып, «Украинадагы кырдаалда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабар тараткан деп айыптап жатат.

Количество просмотров: 67