Бүгүн, 14-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу жана 2016-жылы чет элдик жарандарга кыргыз паспортун мыйзамсыз берүү иштери боюнча сот отуруму өттү. Сот отуруму бүткөндөн кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалы начарлап, тез жардам чакыртылган. Бул тууралуу Сеид Атамбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Маалыматка караганда, мурдагы президентти №47 колонияга алып кетишти. Анын кан басымы жогорулаган.
Алмазбек Атамбаев сотто журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, ден соолугунан кыйналып жатканын белгилөө менен аны сот залынан чыгарып салууну талап кылган.
Экс-президент Атамбаевди сотко мажбурлоо жолу менен алып келүү чечимин буга чейин ишти карап жаткан судья М.Термечиков чыгарган.