• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сот Текебаевдин мамлекеттик жактоочусунун лицензиясын кайтарып берди

17 Бештин айы 2019 10:05 Бишкек Govori.TV

Ленин райондук соту Өмүрбек Текебаевдин мамлекеттик жактоочусу Элмира Чоноеванын лицензиясын кайтарып берүү өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу Govori.TVга жактоочу Таалайкүл Токтакунова билдирди.

Маалыматка ылайык, сот Элмира Чоноева Адвокатуранын этикасын бузган эмес деп тапкан.

» 2017-жылкы соттук процессте Өмүрбек Текебаев менен ӨКМнын мурунку башчысы Дүйшөнкул Чотоновду коргоого анын укугу жок болчу. Бирок сот аны жактоочулук лицензиядан ажыратуу үчүн жетишээрлик негиз тапкан жок»,-деди Токтакунова.

Эске салсак, 2018-жылы Элмира Чоноеванын лицензиясы 2 жылга токтотулган. Ага чейин сот Элмира Чоноеваны Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновун ишин кайра кароого чейин алардын кызыкчылыгын коргойсуң деп милдеттендирген. Бирок айыпталуучулар алардын кызыкчылыгын мамлекеттик жактоочу коргоп чыгышына каршы болушуп, анын объективдүүлүгүнөн күмөн санашкан.

Количество просмотров: 176