• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Сот Жапаровду, Ташиевди жана депутат Мамытовду актады

19 Тогуздун айы 2020 23:17 Бишкек Govori.TV

Жогорку Сот президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровду, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди жана депутат Талант Мамытовду актаган чечим чыгарды. Бул маалыматты аталган мекемеден тастыкташты.

2012-жылы Ташиев, Жапаров жана Мамытовдорго бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча кылмыш иши козголгон.

16-октябрда аталган иштин материалдары каралып, «кылмыштын белгилери табылган жок» деген негизде жогоруда айтылган адамдарды актаган чечим чыгарылды.

Талант Мамытов менен Камчыбек Ташиевдин соттуулугу жоюлган. Жапаров өлкөдөн чыгып кеткен. Ал 2017-жылы өлкөгө кирерде кармалган.

6-октябрда Бишкектеги башаламандыктар учурунда абактан бошотулган.

Количество просмотров: 169