• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Сот журналист Темировго өкүм чыгарды

28 Аяк оона 2022 17:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-сентябрда журналист Болот Темировдун соту уланып, ага акырсы сөз берилди. Кеңешүү бөлмөсунөн чыкка сот Темировдун иши боюнча өкүмүн окуду.

Сот Темировду жарым жартылай актады. Свердлов райондук соту Темировду Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси («Баңгизаттарды сактоо») боюнча күнөөсүз деп тапты.

378-беренеси («Мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү») боюнча акталды.

Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси («Документти жасалмалоо») боюнча күнөлүү деп табылды. Мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза каралбайт.

Эске салсак, Бишкектин Свердлов райондук сотунда 22-сентябрда иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту болгон, анда ага өкүм чыга турганы кутулүп жаткан, бирок, жараян 28-сентябрга жылдырылган.

Айыптоочу тарап Темиров күнөөлүү экенин, тийиштүү териштирүү жүргүзүлгөнүн айтып, паспорт алууга байланыштуу эки эпизоддун ар бири боюнча төрт жылдан, мындан тышкары «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» жана «мыйзамсыз маңзат сактаган» деген эпизоддордун ар бири боюнча да төрт жылдан эркинен ажыратууну сунуш кылууда. Жыйынтыгында прокурор журналистти жаза чарасын жалпылап кошуу жолу менен беш жылга жалпы тартиптеги колонияга камоо керектигин 21-сентябрдагы отурумда билдирген.

Количество просмотров: 135