«Социал-Демократтар» саясий партиясынын мурда дайындалган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү алмашты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.
Аталган партиянын буга чейин ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталган Нурбек Касымбековдун күбөлүгү БШК тарабынан жокко чыгарылды.
Анын ордуна Алтынбек Алманбетов «Социал-Демократтар» саясий партиясынын сунушу менен ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталганы белгилүү болду.