• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Социнтерндин башкы катчысы абактагы Атамбаевден кабар алат

25 Чын куран 2022 12:29 Бишкек Govori.TV

Социалисттик Интернационалдын (Социнтерн) башкы катчысы Луис Айяла Молдовановка айылындагы (Чүй облусунун Аламүдүн району) жайгашкан №27 колонияга барып мірдагы президент Алмазбек Атамбаевден кабар алат. Бул тууралуу Октябрь окуясы боюнча өткөн соттук отурумда белгилүү болду.

Бүгүн, 25-апрелде Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы жапырт башаламандык боюнча сот отуруму уланып жатат. Кылмыштын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана окуяга катышкан Фарид Ниязов, Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов баштаган бир нече киши айыпталууда.

Бүгүнкү отурумга Социалисттик интернационалдын Башкы катчысы Луис Айяла катышып жатат. Ал буга чейин дагы өлкөгө келип, Кой-Таш окуясынан кийин кармалгандардын жакындары менен жолуккан.

Эске салсак, 2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган. Башаламандык учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана аны менен кошо камалгандар абактан бошотулган. Камактан чыккан саясатчылар 9-октябрда Бишкекте өткөн митингге катышкан. Митингде жети киши жабыркап, жаңжал менен аяктаган. Милиция кылмыш ишин козгогон.

Количество просмотров: 1452