Социалдык тармактын колдонуучулары депутат Гүлшат Асылбаеваны «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун чакыртып алууну же мандатын тапшырууну талап кылышууда.
Демилгечи Асылбаева социалдык тармактагы баракчасына 24-июнда аталган мыйзам долбоору жөнүндө билдирүү жазган.
Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралат. Мыйзам долбоорунун демилгечилери депутат Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова.
Документте интернет колдонуучулардын, сайт жетекчилеринин, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. 6-беренесинде интернетке чыккан маалымат жалган болсо, Маданият министрлиги аны сотко чейин эле чектей алат деп көрсөтүлгөн.
Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору 14-майда коомдук талкууга коюлган.
Парламенттин расмий сайтындагы маалыматка караганда, бүгүн күн тартибинде 41 мыйзам долбоору каралат.