• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соцтармакта талкуу күчөдү. «Маалыматты манипуляциялоо тууралуу» мыйзамга байланыштуу УКМКга кайрылуу жөнөтүлдү

26 Кулжа 2020 14:14 Бишкек Govori.TV

Бир катар жарандык активисттер 25-июнда Жогорку Кеңеш кабыл алган “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзамды кабыл алууда мыйзам бузулганын айтып чыгышты. Алар мындай мазмундагы ачык кайрылууну Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Опумбаевге жолдошту.

Кайрылууда «Жогорку Кеңештин регламенти боюнча, депутаттарга добушун башкага берүүгө тыюу салынат. Бирок Жогорку Кеңештин айрым депутаттары 25-июнда “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбоорун кабыл алып жатып, отурумга катышпаган депутаттардын атынан кнопканы басып жатышты” деп жазылган.

Мыйзам бузууларды мисалдар менен негиздеген кайрылууга кол койгон активисттердин бири, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкуловада бар.

“Залда депутат Улук Кыдыралиев отурумга катышпаган депутаттардын кнопкаларын басып, алардын атынан добуш берип жүргөнүн спикер Жумабеков менен анын орун басары Касымалиева көрүп, күлүп отурушту. Тыйып, токтотуп коюунун ордуна унчукпай күлүп отурушту. Мындан тышкары залда депутаттардын көпчүлүгү жок болду, кворум болбосо, мыйзам долбоорлору добуш берүүгө коюлбашы керек болчу. Ошондуктан, биз “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзамына регламент бузуу менен, мыйзамсыз добуш берилди деп эсептейбиз”, — дейт Сооронкулова.

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=3231222480272516&id=100001543883725

Ал эми Соцтармак президент Сооронбай Жээнбековдон «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамды артка кайтарууну суранат. Алар билдирүүлөрүн социалдык тармакта жайгаштырып, сын пикирлер айтылып, ача пикирлерди жаратууда.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам кечээ Жогорку Кеңеште кабыл алынды. Ага 79 депутат «макул», ону «каршы» деген добуш берди. Эми мыйзам долбоору президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Мыйзам долбоорунда Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.

Жарандык коом мыйзам сөз эркиндигин чектөөгө алып келери айтылууда. 

Белгилей кетсек, кечээ Жогорку Кеңеш түнгө чейин иштеп акыркы сессияда 70ге жакын мыйзам каралган.

Количество просмотров: 89