Бүгүн «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына карата арызы Бишкек шаардык административдик сотунда каралат.
Маалыматтар боюнча соттук отурум саат 16:30 га белгиленген. Ал эми партия өкүлдөрү, тарапташтары соттун имаратынын алдына чогулууда. Белгилүү болгондой сотко азырынча журналисттерди киргизиле элек.
Партия өкүлдөрү 3-сентябрда БШКнын “Бүтүн Кыргызстан” партиясы техникалык ката кетиргени үчүн шайлоодон четтетүү боюнча чечимине каршы экенин билдиришүүдө.
Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы «Бүтүн Кыргызстан» партиясын парламенттик шайлоого каттабай койгон. Буга аталган партия талапкерлерди аныктоодо эреже бузганы негиз катары көрсөтүлдү.