Бишкек.05.06.2019.Govori.TV.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Аида Салянованын бөгөт чарасы каралып жатат. Ал жараянга жактоочусунан башка эч ким киргизилген жок.
Мурдагы баш прокурор жана «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 3-июнда кечинде 48 саатка кармалган. Эки күндөн бери Салянованын бөгөт чарасы каралат деп жакындары соттун имараттынын алдында турат.
Алгач Салянованын бөгөт чарасы 4-июнда Биринчи май райондук сотунда саат үчтө карала турганы айтылып, бирок Салянова сотко жеткирилген жок.