• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Соттолгон жана издөөдө жүргөн жаранга паспортту мыйзамсыз берүү фактысын аныкталды

16 Бештин айы 202012:37 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Кара-Суу, Алай жана Чоң-Алай райондору боюнча финансы полициясы тарабынан паспорт берүү учурунда мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн чет элдик жаранга мыйзамсыз паспорт берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Финполдун маалымат кызматы кабарлады.

«2018-жылы Өзбекстан Республикасынын жараны Хомидов Нематжон Сомиевичке Ош облусунун Кара-Суу шаарына каттоого тургузуу менен Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту берилгендиги аныкталды. Бирок, тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө, паспорт алган учурда аталган чет өлкөлүк жаран чет өлкөдө болуп, 7 жылдан бери өлкө аймагына кирбей жүргөнү белгилүү болду. Мындан тышкары, бул жаран, Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жана Өзбекстан Республикасында Өзбекстан Республикасынын Жазык кодексинин 159-беренесинин 3-бөлүгүнүн А пункту (Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө кол салуу) боюнча соттолгон, жаза өтөө чарасы — камакка алуу болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.

Бул факт КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 330-беренесинде (паспортту мыйзамсыз берүү) каралган кылмыш белгилери боюнча катталган.

Азыркы убакта, бул иш тергелип жатат, ушул сыяктуу паспортторду мыйзамсыз берген фактылар аныкталууда.

Количество просмотров: 182