• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өспүрүмдү сүзүп качып кеткен 18 жаштагы айдоочу кармалды

20 Жетинин айы 2018 13:38 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.11.2018. Govori.TV.
Бишкекте жол кырсыгын жасоого шектелип 18 жаштагы А.А. аттуу айдоочу кармалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 16-ноябрда саат 18:30 чамасында белгисиз айдоочу Тыналиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жашы жете элек адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.
“18-ноябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы боюнча издөө бөлүмүнүн кызматкерлери А.А. аттуу Бишкектин тургуну башкарган Мерседес-Бенц унаасын кармашкан”, — деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Учурда унаа айып унаа токтотуучу жайга киргизилип, материалдар борбордогу ШИИББдин тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Жабырлануучу №13 мектептин 10 жаштагы Я.Ц. аттуу окуучусу экендиги аныкталды.
Количество просмотров: 20