• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Стамалиева: Президент өлкөдөгү кырдаалды укуктук талаага кайтаргандан кийин кетет

9 Тогуздун айы 2020 9:31 Бишкек Govori.TV

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кетүүгө даяр деген маалымат боюнча президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева бүгүн, 10-октябрда Govori. TVга түшүндүмө берди.

«Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков мамлекетте саясий кырдаал курч учурда кеткени жоопкерчиликсиздик болуп кала турганын айтып, өлкөнү укуктук талаага кайтаргандан кийин президенттик кызматтан кетүүгө даяр экенин айтты. Ал азыркы кызматтык өзгөрүүлөрдү мыйзамдаштырып, кырдаалды укуктук талаага кайтарууга зарыл болгон чечимдерге кол коюуну көздөп жатат, абалды тез арада укуктук талаага салып, бардык мамлекеттик органдарды, өкмөттү легалдуу статуска ээ кылып, өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, президенттик кызматтан кетүүгө даяр,ошондой эле  жашы деле келип калганын кошумчалап»,-деди Стамалиева.

Буга чейин ЖМКларда «Президент Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшырууга макул», — деген маалыматтар тараган болчу.

Количество просмотров: 138