• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Улуттук каналга президенттин маалымат катчысы барабы?

21 Үчтүн айы 2019 12:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.01.2019. Govori.TV

УТРКнын башкы директорлугуна сынак жарыялангандан бери ал орунга ким бара турганы күндүн жаңылыгына айланды.

Социалдык тармактын колдонуучулары бул орунга бир топ талапкерлерди сунушташууда. Алардын арасында президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева, УТРКнин башкы директорунун орун басары Шайырбек Абдрахманов, Түштүк Кореянын мурдагы элчиси Кылычбек Султан, Мыктыбек Арстанбек жана башкалар бар.

Президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиевага бул боюнча кайрылганыбызда тиешелүү талапка жооп берген ар бир жарандын укугу бар экендигин айтып, бирок тастыктаган дагы жокко чыгарган дагы жок.

Количество просмотров: 14