• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Депутаттын үйүндө үн жаздыруучу аппарат табылды. Бишкек мэри кызматтан кетеби?

30 Жетинин айы 2022 18:57 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ АКСАКАЛДАР КЕҢЕШИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Президент Садыр Жапаров Биринчи Элдик Курултайдын Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.

«Садыр Жапаров эл ичинен шайланып келген делегаттар көйгөйлүү маселелерди, аларды чечүүнүн жолдорун өлкөнүн бийлик бутактарынын жогорку жетекчилеринин алдында ачык айтышканын ырастады. Бул Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экендигин, өлкө демократиялык туура жолдо баратканын айгинелеп турат», — деп жазылган билдирүүдө.

Жолугушууга курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жетекчиси, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев да катышты.

Бишкектеги 25-26-ноябрда биринчи Элдик курултай болуп, жыйынтыгында чечим жана резолюция кабыл алынган. Анда айрым делегаттар камакта жаткан активисттердин абалы тууралуу маселе көтөрүшкөн.

ДЕПУТАТ ЖАПАРОВГО ТАЛАП КОЙДУ

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 30-ноябрдагы жыйынында билдирди.

Коргонбай уулу Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун Японияга болгон сапарында яЯпониянын эл аралык кызматташтык агенттиги менен Ноокат жолу боюнча сүйлөшүп келүү талабын койду.

Эске салсак, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Японияга жумушчу сапары менен кеткен. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, сапардын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Борбор Азия инвестициялык форумунун ишине катышат, ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

ПАРЛАМЕНТ ЖЫЙЫНЫ

Депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин «Кумтөр Голд Компани» ишканасындагы ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагалыгынан ден соолугуна байланыштуу баш тартты. Бул тууралуу төрага Нурланбек Шакиев парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Парламенттин ушул эле жыйынында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин төрагасы, депутат Медер Алиев парламент төрагасынын атына комитет төрагалыгынан кетүү арызын жазганы белгилүү болду.

Бул арада депутат Жанар Акаев кесиптеши Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн үн жаздыруучу аппараттар табылганын айтты.

Ал эми эл өкүлү Айбек Осмонов в Ош шаарынын мэринин алмашуусун сынга алды.

ТЕМИРОВДУН ӨЛКӨДӨН ЧЫГАРЫЛУУСУ

Жогорку Кеңештин 30-ноябрдагы отурумунда депутат Дастан Бекешев журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышы боюнча ИИМдин өкүлдөрүнө суроо узатып, журналисттин жарандынгына кызыкты.

Депутатка жооп берген Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев иликтөөчү журналист Болот Темировдун Орусияга депортацияланышына анын кыргыз жарандыгынын жоктугу себеп болгонун билдирди.

Жогорку Кеңеш 30-ноябрдагы отурумунда «Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун экинчи окууда карады.

Коррупцияны иликтеген журналист Болот Темиров 23-ноябрдын кечинде «Манас» аба майданынан күч менен Бишкек-Москва каттамына отургузулган жана аны күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери коштоп чыгарып кетишкен. Анын алдында Бишкек шаардык соту журналистти өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарган.

Бул жарандык коомчулукта бир катар кайяылаш пикирлерди жараткан жана чечимди артка кайтаруу боюнча талап айтылып, укук коргоочулар, журналисттер, активисттер жүрүшкө чыгышкан болчу.

МЭР КЫЗМАТТАН КЕТЕБИ?

Мэр Эмилбек Абдыкадыровдун отставкага кетиши тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. бул тууралуу Муниципалитеттен билдиришти. Белгилей кетсек, социалдык тармакта көптөгөн жарандар, активисттер жана блогерлер Бишкек мэринин кызматтан кеткендиги тууралуу жазууда.

Эмилбек Абдыкадыров 2022-жылдын 24-февралынан бери Бишкек шаарынын мэри кызматын аркалап келет.

Кошумчалай кетсек, кечээ, 29-ноябрда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кызматтан кетип, анын ордун ЖКнын экс-депутаты Бакыт Жетигенов мэр болуп дайындалган.

Количество просмотров: 513