• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Соңку жаңылыктар: 22 жаштагы жигит адам уурдоого шектелүүдө. Суранова ооруканадан чыкты

6 Жалган куран 2023 14:08 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВА МОСКВАГА БАРДЫ

Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова Москва шаарында 6-мартта өтө турган “Кыргызстан менен Россиянын аялдарынын келечек үчүн диалогу” аттуу биринчи кыргыз-россиялык аялдар форумуна катышуунун алкагында Кыргызстан Аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту.

Айгүл Жапарова өз сөзүндө тынчтыкты жана элдердин ортосундагы достукту чыңдоодо аялдардын маанилүү ордун, буга далил катары Биринчи кыргыз-россиялык аялдар форумунун өткөрүлүшүн белгиледи.

Мындан башка Биринчи айым аялдардын коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык турмушка активдүү катышуусуна өзгөчө көңүл бурдуртту. Алардын тынчтыкты жана достукту сактоого кошкон салымы жана башка көптөгөн аракеттери, азыркы аялзатын өзгөчө статуска ээ кылып, жаңы максаттарды аныктап берди. Ал аялдардын социалдык ролу жөнүндө жаңы түшүнүктү калыптандырган чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыргыз аялдарын белгилеп өттү.

СУРАНОВА ООРУКАНАДАН ЧЫКТЫ

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган жарандык активист Перизат Суранова ооруканадан чыкты. Бул тууралуу анын жактоочусу Жаныш Бараков билдирди.

Маалым болгондой, Сурановго операция жасалып, учурда үйүнө чыгарылды.

Эске салсак, Суранова ден соолугуна байланыштуу 14-февралда Чүй облустук ооруканасына жеткирилген. Кийин анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Бишкекте өткөн жылдын 23-24-октябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалган. ИИМ бул адамдарды массалык тополоң уюштурууга аракет кылган деп айыптоодо.

АДАМ УУРДООГО ШЕКТҮҮ ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Бишкекте келинди уурдоого шектелип 22 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-мартта А.А. аттуу жаран милицияга кайрылып, Калыс-Ордо конушунда А.Н. аттуу аялын белгисиз бирөө унаасына отургузуп алып кеткенин айткан. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (“Киши уурдоо”) менен катталган.

Шектүү катары 22 жаштагы С.М. аттуу адам кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Иликтөө иши уланууда.

Количество просмотров: 69