• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Судьялар зордуктоого айыпталгандардын бошотулушу боюнча түшүндүрмө берди

15 Теке 2022 11:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-июлда Бишкек шаардык сотунун судьялары майыптыгы бар 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталгандардын камактан бошотулушу боюнча түшүндүрмө берип, маалымат жыйын өткөрдү.

Бишкек шаардык сотунун судьясы Айвар Кубатов билдиргендей, аталган факты боюнча иш шаардык сотко үстүбүздөгү жылдын 15-мартында келип түшкөн.

«Кылмыш окуясы 2013-жылы болгон. Жазык иши 2015-жылы козголгон. Тергөөнүн кемчиликтери жоюлгандан кийин кылмыш иши 2018-жылы апрелде Сокулук райондук сотуна жөнөтүлгөн. Бир жылдан кийин Сокулук райондук соту эки айыпталуучуга карата өкүм чыгарып, бирөө 8 жылга, экинчиси 8 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. 2022-жылы 13-июлда айыпталуучулар күнөөлүү деп табылып, бирок кылмыш ишинин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу алар белгиленген жазадан бошотулушкан»,-деди Кубатов.

Кубатов кылмыш жасалган убакыттан тогуз жыл өткөнүн, жашы жете электерге карата (айыпталуучулар) мөөнөт эки эсеге кыскарганын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин «Балдардын укугун коргоо лигасынын» жетекчиси Назгүл Турдубекова майыптыгы бар өспүрүм кызды зордуктоо иши боюнча айыпталып жаткан эки киши айып пул төлөп абактан бошотулганын айтып чыккан. Ал сот иши узак убакытка создуктурулганын да белгилеген.

Количество просмотров: 765